Бүгүн, 3-августта Талас облусунун Талас районунун администрация башчысы Райкан Өзүбеков ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Бул тууралуу аким райондук администрациянын аппарат кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары жана район активисттери менен жолугушууда билдирди. Кызматтан кетишин Райкан Өзүбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:
"Ден соолугума байланыштуу 6-июлдан бери Бишкекте дарыланып жатканыма карабай мага карата айтылган жүйөсүз каралоолор арыз жазуума себеп болду. Ооруп жатканыма карабай 29-июлда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кошмо жыйынынын чакыруусу менен алардын алдында 6 айлык ишимдин отчётун бердим. Бирок бул ишти Байышбек Жуманазаров мени "кызматын сактап калуу аракетинде уюштурду" деп маалымат таратты. Мен мансап, кызмат үчүн мындай кадамдарга барбайм. Кошмо жыйында менин ишмердүүлүгүм "канааттандырарлык" деп бааланды”,- дейт экс-аким.
Өзүбеков райондогу көпчүлүк айыл өкмөт башчыларын кызматтарын таштабай, тескерисинче, райондун, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн кызматтарын уланта берүүсүн суранды. “Райондо бийликтин вакууму түзүлбөсүн, алдыдагы күз, кыш мезгилине даярдык көрүү, Жогорку Кеңешке шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүү, райондун акими Райкан Өзүбеков менен облустук жетекчиси Байышбек Жуманазаровдун тирешүүсүнөн жогору туруш керек”,- деди Өзүбеков.
Экс-аким иштеген мезгилинде кызматтык автоунаанын ордуна өзүнүн менчик автоунаасын пайдаланганын, райондук жана айыл өкмөт башчыларынын жетекчилеринин өз жанынан акча чыгарып облус жана республикадан келген ар кандай текшерүүлөрдү сыйлоого кеткен чыгымдарды токтотконун белгиледи.
Айта кетсек, экс-аким буга чейин "Жер-Үй" кенин иштетүүгө каршылык билдирип келген. Аталган райондогу 11 айыл өкмөтүнүн башчылары "эгер акимди иштен бошотушса, анда биз дагы кызматтарыбызды тапшырабыз" деп билдиришкен.