Президент Алмазбек Атамбаев менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев бүгүн, 3-августта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдыгы жана тармактагы реформаларды талкуулашты.
Асанкожоев коргонууну камсыздаган мамлекеттик органдар менен өз ара көмөктөшүү, пландоо жана каражаттарды биргелешип колдонуу системин өркүндөтүү багытында жасалып жаткан иштерди атады. Кризистик кырдаалдарда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөктөшүү боюнча планын иштеп чыгуу тууралуу маалымат берилди.
Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү реформалоо зарылдыгын, кризистик кырдаалдарда жалгыз борбор - Башкы штабдын башкаруусунун алдында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенишүүсүн так жана эффективдүү башкара турган систем түзүү керектигин белгиледи.