Талас облусуна караштуу Талас районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Кадырбек Табышов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 3-августта өкмөттөн билдиришти. К.Табышов буга чейин аталган райондун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Айта кетсек, Талас районунун акими Райкан Өзүбеков бүгүн кызматтан алынган.