Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусуна байланыштуу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кыргыз жерине 2 күндүк иш сапары менен келери күтүлүүдө. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, түркмөн башчысы 5-6-август күндөрү Бишкекте болуп, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Бердымухамедовдун иш сапары эки өлкө ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүгө зор түрткү берери айтылды.