Кыргыз мамлекетинин Бельгиядагы элчиси Асеин Исаев Европа союзунун тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлүнүн орун басары Ален Ле Руа менен жолугушту. Тараптар президент Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын мартында Европа союзунун институттарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууну талкуулашты.
Европалык өкүл кыргыз мамлекетинде парламенттик шайлоону жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүү зарылдыгын, биометрика шайлоодо түрдүү мыйзам бузуулардын алдын аларын айтты. Кыргыз мамлекетинин парламенттик шайлоону таза өткөрүү максаты 2017-жылы президенттик шайлоону да эркин, адилеттүү өткөрүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.
Жыйынтыгында Ален Ле Руанын 2015-жылдын октябрында кыргыз жерине иш сапары менен барары макулдашылганын бүгүн, 3-августта ТИМден билдиришти.