Рыскул Жапаркулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүк аппараттын Коргоо, укук тартиби жана чукул кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр
Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 3-августта өкмөттөн билдиришти. Р.Жапаркулов буга чейин ички иштер министринин орун басары кызматында иштеп келген.