Орусиядагы элчилик жарандарды биометрикалык маалыматтарын тапшырууга чакырууда

Парламенттик шайлоого карата Орусиядан добуш берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин түзүү иштери жүрүүдө. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленгенин кыргыз мигранттарына эскертти. "Элчилик биометрикалык маалыматтарын тапшырууну жана добуш берүүгө катышууну каалаган кыргыз өлкөсүнүн жарандарын 10-августка чейин Москва шаарында элчиликтин кеңсесине келип өздүк маалыматтарын берсе болорун билдирет. Кабыл алуу дем алышсыз, саат 09:00дөн 21:00гө чейин жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта. 
Биометрикалык каттоодон өтүүнү каалагандар жанына Кыргыз Республикасынын паспортун алып алышы шарт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан