Баткенде кыргыз-тажик чатагы чыккан жерде абал туруктуу

Баткенде кыргыз-тажик жаңжалы чыккан жерде кырдаал туруктуу. Баткен обладминистрациясынын өкүлү Дилара Парпиеванын билдиришинче, окуя болгон жердин тургундарына жергиликтүү бийлик органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Облус башчы Жеңиш Разаков баштаган топ Тажикстандын Исфара районунун акими Даврон Зохидов жетектеген өкүлдөр менен Жака-Өрүк айылында жолугушуп, сүйлөшүштү.
"Саат 20:00дө облус жетекчиси Баткендеги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен Көк-Таш айылында жыйын өткөрдү. Анда чек ара аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди",- деп билдирет Парпиева.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан