Премьер-министр Темир Сариев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Өкмөт жетекчиси 4-августтан 7-августка чейин ишке чыкпайт. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, бул аралыкта премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жүктөлдү. Айта кетсек, Сариевдин өкмөт башчылык кызматта иштегенине 3 ай болду.