Бишкекте ишкерлик жаатта кыргыз-түркмөн кызматташтыгына арналган форум өтүүдө

Кыргыз мамлекети менен Түркмөнстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ири потенциалга ээ. Муну бүгүн, 4-августта вице-премьер-министр Валерий Диль "Кыргызстан-Түркмөнстан" форумунда билдирди. 
"Өлкөлөр ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жогору. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу тууралуу сөз болууда. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2015-жылдын 4 айында 3,3 миллион долларды түздү. Муну эске алуу менен "Кыргызстан-Түркмөнстан" форумунун өтүшү соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет",- деди Диль. 
Айта кетсек, аталган форум бүгүн Бишкек шаарында өтүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан