"Бир бол" жана "Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы" партиялары парламенттик шайлоого чогуу аттанышат

"Бир бол" мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы жана "Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы" саясий партиясы бир саясий күч болуп, алдыдагы парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясынын тизмеси менен катышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта биринчи аталган партиядан билдиришти. Шайлоого бирге аттанууга партиялардын идеологиясынын бирдейлиги, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча бирдей көз карашты карманганы себеп болгону айтылды. Бул чечим эки партия ортосундагы толук ишенимге негизделгени, эки партия тең саясий жоопкерчиликти алып, мамлекеттин биримдигине жана туруктуулугуна багытталган принциптерди карманууга ниеттенери белгиленди.

"Борбордук Азия, анын ичинде Кыргыз Республикасы коопсуздук маселесинде эл аралык экстремизм, терроризм сыяктуу ар кандай коркунучтарга дуушар болуп келет. Глобалдык экономикалык кризис, планетанын айрым жерлериндеги чыр-чатактар, түшүнбөстүктөр өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Тарыхка, өткөн замандарга көз чаптырып көрсөк, элдер тышкы коркунучтардан биримдик менен гана өздөрүн сактап келишкен.

Мындай биримдиктин өзөгү мекенчилдикте, өлкөнүн тагдырына болгон чоң жоопкерчиликте, анын келечегине кайдыгер карап тура албагандыкта жатат. Баарыбыз үчүн маанилүү, баарынан бийик турган мамлекеттүүлүктү бекемдөө деген ыйык баалуулук бар. Бийликти демократиянын, ак ниет башкаруунун, натыйжалуу рынок экономикасынын принциптеринде бекемдөө зарыл. Сырткы жана ички ар кыл коркунучтарга элибиз бир болгондо гана туруштук бере алат. Ал эми биримдиктин негизин мыйзам, тартип жана тартип түзөт.

"Бир бол" жана "Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы" саясий партиялары жарандарды жана саясатчыларды мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн бир болууга, ал эми бийликтегилерди алдыдагы парламенттик шайлоону таза жана айкын өткөрүүгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан