Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Пекиндин 2022-жылкы Кышкы Олимпиада өткөрүү укугуна ээ болушу менен куттуктады. "Сиздин өлкө дүйнөлүк масштабда укук боюнча талашсыз абройго ээ. Кытайдын азыркы жетишкендиги да сиздин жеке ийгилигиңиз деген бекем ишенимдемин",- деп айтылат куттуктоодо.
2008-жылы Жайкы Олимпиада оюндарынын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлгөнүн белгилеген мамлекет башчы 2022-жылкы Олимпиада да Кышкы Олимпиада оюндарынын тарыхындагы татыктуу жана эсте каларлык окуя болоруна ишенерин билдирди.
Алмазбек Атамбаев Кытайдын лидерине бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди каалады.