"Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 31-июлунда “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына – ата мекендик уюмдардын кирешесине жана Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк уюмдардын резиденти эмес жеке жактардын үлүштүк кирешелерине салык коюмун 0 пайыз өлчөмүндө аныктайт.

"Салыктар тууралуу мыйзамдарга сөзсүз түрдө кол коюу жобосун камтыган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, бул мыйзамга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы, тактап айтканда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан бир жарым ай өткөндөн кийинки токтому менен бекитилген өкмөттүн терс корутундусуна карабастан, мыйзамга кол коюлду.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзам жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамдын жоболору талап кылгандай, Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын терс корутундусунун бар экендигине карабастан, бул мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин тутумдарында каралып жаткан учурда өкмөт Жогорку Кеңешке расмий корутунду киргизбегенин белгилей кетүү керек. Ошентип, өкмөт Конституцияда жана жогоруда аталган мыйзамдарда аныкталган мыйзам чыгаруу органы тарабынан өлкөнүн экономикасына туура келбеген чечимди кабыл алуу процессине таасир этүү боюнча ыйгарым укуктарынан өз убагында пайдаланган эмес. Фискалдык саясатка тиешеси бар мыйзам чыгаруу процессине болгон мындай кайдыгер мамилеге жол бербөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кабардар болот.

Белгилей кетчү жагдай, бул мыйзамды талкуулоо жана кабыл алуу процесси аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттешүүсүнүн чабалдыгын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларынын бышып жетилбегендигин дагы бир жолу көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджет, салыктар тууралуу мыйзамдарга сөзсүз түрдө кол коюу зарыл болгондуктан, мамлекет башчысы вето коюу укугунан бул жолу пайдалана алган жок. Президент жогорку юридикалык күчкө ээ Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузууга бара албайт",- деп билдирди президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан