Саламаттыкты сактоо министрлиги кутурма оорусу боюнча жарандарга эскертүү жасады

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 4-августта кутурма оорусуна карата түшүндүрмө берди. Мекеме бул илдеттин алдын алуу керектигин, эгер өтүшүп кетсе, дарылоого мүмкүн эместигин билдирет.
"Кутурма оорусу бул илдетти алып жүргөн ит, мышык, түлкү, карышкыр жана башка жаныбарлардан жугат. Кутурма оорулуу жаныбарлар тиштеп алганда жугат жана вирус шилекей аркылуу тарайт. Жарандар көбүнчө жаныбарлар тиштеп алганда көптөн кийин кайрылышат, көпчүлүгү кайрылышпайт дагы. Кутурманын алдын алуу үчүн жапайы жаныбарлардын санын көзөмөлдөө, үйдө ит багуунун талаптарын сактоо жана иттерди кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүп туруу зарыл",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик жаныбарлар тиштеп алган жарандар тез арада ооруканага кайрылышы керектигин жарандарга эскертти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан