Кытайдын Фошань шаардык мэриясынын өкүлдөрүнөн турган делегация 4-5-августта Ош жана Бишкек шаарларында болот. ТИМдин билдиришинче, делегация Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын, Ош жана Чүй облустук администрацияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, анда экономика, соода, энергетика жана текстиль өндүрүшү, туризм тармагы тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Ош шаары менен Кытайдын аталган шаарынын ортосунда достук алаканы орнотуу боюнча протоколго кол коюлары күтүлүп жатат. "Фошань шаарынан биринчи жолу кыргыз өлкөсүнө делегация келүүдө",- деп билдирет министрлик.