Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева бүгүн, 4-августта Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Калиева жакындап калган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди. Ошондой эле болуп өткөн шайлоодо кандай доо арыздар болгондугун, келерки шайлоодо кандай жол-жоболор карала тургандыгын кыскача айтып берди. Шайлоого карата талаштуу суроолорду кароодо судьялардын квалификациясын жогорулатуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Соттун алдындагы судьялардын Окуу борбору менен биргеликте биринчи инстанциянын жана Жогорку Соттун судьялары үчүн семинарларды өткөрөрүн, окутуунун лекторлору БШКнын мүчөлөрү болорун белгиледи.
Бюронун шайлоо жана жаңы шайлоо технологиялары боюнча кеңешчиси Стивен Мартин таза шайлоону өткөрүүдө соттун ролу абдан маанилүү экенин айтты.