Өкмөт башчы
Темир Сариев кыска мөөнөттүү өргүүсүн токтотту. К
ыргыз-тажик чек арасында орун алган чатакка, ошондой эле Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндө нотага кол коюлушуна байланыштуу Сариев кыска мөөнөттүү өргүүсүн токтотуп, кызматтык милдетин аткарууга киришкенин өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Өкмөт жетекчиси 4-августтан 7-августка чейин эс алууга чыккан.
Айта кетсек, кечээ жана бүгүн Баткенде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда кагылышуу чыкты.