Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндө нотага кол койду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндө нотага кол койду. Бул тууралуу 4-августта өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Бирок бул тууралуу нотаны Казакстан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жибере электиги айтылды. 

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган. Аталган мыйзамга Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 13-июлда, Беларустун президенти Александр Лукашенко 24-июлда, Армения президенти Серж Саргсян да июль айынын соңунда кол койгон. 

Эми Евразиялык экономикалык комиссия нотаны кабыл алса, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан