Кемин районунда унаа уурдоого шектелип 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу 5-августта Кемин РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, 3-август күнү саат 19:30да РИИБге
Новопокровка айылынын 39 жаштагы тургуну У.Т.
Кеминдеги аймактык оорукананын унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаасы уурдалганын билдирген. Кемин РИИБинин ыкчам тобу издөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары Кемин шаарынын К.А. аттуу 16 жаштагы тургунун кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.