"Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна 10-сентябрга чейин кол коюлат

"Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна 6-августта эмес, сентябрдын биринчи декадасында кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта "Ата Мекен" партиясынан билдиришти. "Ата Мекен" партиясы “Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна кол коюу чакырыгы менен жакында бардык саясий күчтөргө кайрылуу жасаган. Кайрылууда: "Бардык саясий күчтөрдү демократиялык шайлоолордун принциптерине жана нормаларына таянып, элибиздин кызыкчылыгын баарынан бийик коюп, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, “Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна кол коюуга чакырабыз",- деп айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан