Кыргыз Республикасы кайсы күнү Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болору белгисиз. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге Экономика министрлигинин Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү боюнча бөлүмүнүн башчысы
Данияр Болотбек уулу билдирди. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге мүчө болору жакындап калганын айтты.
"Акыркылардан болуп Казакстандын президенти "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө" келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Бирок Казакстан бул боюнча нотаны Евразиялык экономикалык комиссияга жибере элек. Комиссия нотаны алса эле Кыргыз Республикасына жиберет. Мына ошол учурдан тартып биз ЕАЭБге толук кандуу мүчө болобуз. Так күнү белгисиз, бирок жакын арада киребиз",- деди Данияр Болотбек уулу.
Экономика министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасын ЕАЭБге кабыл алуу жөнүндө келишим эки-үч күндө күчүнө кирерин билдирген.