Алмазбек Атамбаев менен Гурбангулы Бердымухамедов "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-августта "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этишти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана президент Гурбангулы Бердымухамедов тизилген ардактуу караулдун жанынан монументке карай өтүп, Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын мамлекеттик желектеринин түсүндөгү лента тагылган гүлчамбар коюшту.

Гүлчамбар коюу аземи Гурбангулы Бердымухамедовдун кыргыз өлкөсүнө болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өттү. Аземге эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан