Оштогу аэропорттон Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан Стамбул-Ош багыты боюнча учакты текшерүү маалында жасалма паспорт менен өтүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын жаранына таандык паспортко өзүнүн сүрөтүн жабыштырып алган.