Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” жарлыктарга кол койду. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жарлык менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына 689 адам кабыл алынат, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхый мекенине кайтып келген Өзбекстан менен Тажикстандын мурдагы жарандары.
Президенттин башка жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 175 адам чыгарылат.