Бүгүн, 11-августта Казакстандын президенти
Нурсултан Назарбаев кыргыз жерине келди. Ысык-Көл облусундагы "Тамчы" аэропортунда коңшу мамлекеттин лидерин президент
Алмазбек Атамбаев тосуп алды.
Айта кетсек, эки мамлекеттин башчылары Чолпон-Ата шаарында туруп кыргыз-казак бажы постторунун расмий ачылышына тапшырма беришет. Бажы постторунун ачылышына өкмөт башчы Темир Сариев менен Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев катышат. Бул күнү Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болмокчу.