Казакстандын борбору Астанада жашап, иштеген кыргыздарга быйыл күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоо боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргыз мамлекетинин аталган өлкөдөгү элчилигинин өкүлү, улуттук мыйзамдарга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өлкөдө жана өлкө сыртында өткөрүлөрүн белгиледи. Астанада жашаган мекендештерге шайлоого активдүү катышууга чакырык айтылды.
"Дипломат шайлоону таза өткөрүү үчүн биринчи жолу биометрикалык маалыматтар колдонулуп жатканын билдирди. Мекендештер шайлоого катышууну жарандык милдет катары эсептешерин, тааныштарын добуш берүүгө үндөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Жыйында элчиликтин алдында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайланды",- деп билдирет ТИМ.