Бүгүн, 12-августта Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаев жана Казакстан Республикасынын Президенти
Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак бажы постторунун расмий ачылышына тапшырма беришти.Учурда кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрүүчү жайда расмий ачуу иш-чарасында өкмөт башчы Темир Сариев менен Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев катышууда.