Бүгүн, 12-августта Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу өтүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев "кыргыз жана казак өңдүү бир тууган элдердин ортосунда бажы жана шлагбаумдар болбош керек" деп жолугушууну баштады.
Коңшу мамлекеттин лидери Н.Назарбаев өз сөзүндө Ысык-Көлгө төрт-беш жылдан бери келбегенин айтып, бул көл дүйнөдөгү эң кереметтүү жерлердин бири экенин баса белгиледи. "Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы соода алмашуу өнүгүп жатат. Учурда анын көлөмү 1 миллиард долларга жетүүдө. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы посттору ачылгандан кийин бул көрсөткүч мындан да жогорулайт деген үмүттөбүз",- деди Назарбаев.