Кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлү алынды (фото)

Кыргыз Республикасы бүгүн, 12-августта Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасынан бажы посттору алынды. Чек аралардын бириндеги "Ак-Жол" бажы бекети салтанаттуу түрдө ачылды. Ага өкмөт башчы Темир Сариев менен Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев катышты. Ал эми Чолпон-Ата шаарында турган президенттер Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев телеконференция байланышы аркылуу күбө болушууда.

Премьер-министр Темир Сариев бул окуяны 2011-жылдан бери жүрүп келген интеграциялык жараяндын маанилүү жыйынтыгы экенин белгилеп, өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шарт түзүлөрүн билдирди.

Кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлү алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан