"Кыргыз мамлекетинин тарыхында жаңы барак ачылды",- деп билдирди өкмөт башчы
Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынгандан кийин журналисттерге. Сариев Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө катары төрт эркиндикке ээ болуп жатканын айтты.
"Бул эркиндиктер - жарандардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана товарлардын эркин жүгүртүлүүсү. Биздин жарандар эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары катары биримдикке кирген өлкөлөргө эркин кирип-чыгышат. Эми өлкөбүздүн экономикасы өсүп, элге ыңгайлуу шарт түзүлүп, күч-кубаттуу, эгемендүү мамлекет болуп, ошол эле убакта орус, казак, армян, беларусь эли менен тыгыз кызматта болушубуз керек",- деди Сариев.
Айта кетсек, бүгүн, 12-августта кыргыз өлкөсү ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак мамлекеттеринин ортосундагы бажы көзөмөлү алынды.