Кыргыз Республикасы бүгүн, 12-августта Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасында бажы посттору ачылды. Салтанаттуу аземге эки мамлекеттин жетекчиликтери катышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Чолпон-Ата шаарынан телекөпүрө аркылуу өлкөлөрдүн өкмөт башчыларына кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алууну тапшырышты.
Андан соң А.Атамбаев коңшу мамлекеттин лидери Н.Назарбаевге кайрылып, кыргыз эли үчүн тарыхый окуяга катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирди. "Нурсултан Абишевич - дүйнөдөгү эң мыкты лидерлердин бири. Бизде Назарбаевдей президентибиз болбой, бир топ артта калдык. Бул ачык сөз. Өлкөбүздө бир адамга карата ички дүң продукциянын көлөмү Казакстандыкына салыштырмалуу 15-20 эсе артта калган. Бирок Казакстан менен бирге биздин экономикабыз өсөт. Бул жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ичинде эң мыкты көрсөткүчкө жетет",- деди Атамбаев.
"Бүгүн Нурсултан Абишевич Алматы - Ысык-Көл унаа жолун курууну жактырды. Учурдагы жолдун узундугу 480 чакырым, эгер жаңы жол салынса, анын узундугу 240 чакырым болот",- деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Президенти.