Бүгүн, 13-августта премьер-министр Темир Сариев экономика министри Олег Панкратовго өлкөнүн чек ара өткөрмө пункттарындагы абалды текшерип чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Берилген тапшырмага ылайык, тиешелүү жетекчилер Чүй облусунда жайгашкан чек ара өткөрмө пункттарынын иши жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагы ачылган соңку абал менен, ошондой эле нөөмөт бөлүктөрүнүн кандай иштеп жатканы менен таанышып чыгышат.
Муну менен катар Экономика министрлигинин аймактык башкармалыктары Талас облусундагы жана Түп-Кеген жолунда жайгашкан чек ара пункттарында жогорудагыдай иштерди жүргүзүшмөкчү.
Учурда экономика министри Олег Панкратов баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн атайын топ Чүй облусунун аймагындагы чек ара өткөрмө пункттарынын абалы менен таанышып жатат. Анын жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек ара аймагы ачылган соң түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышып, жаралган маселелерди чечүү ыкмаларын иштеп чыкмакчы.
Эске салсак, буга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы ачылган соң жаралчу маселелерди оперативдүү түрдө чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган нөөмөт бөлүктөрү түзүлгөн. Аталган бөлүктөр чек ара ачылгандан тарта эки жумалык мөөнөттө абалга көз салмакчы.