Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков 13-августта Израилдин кыргыз жериндеги элчиси Элияу Тасман менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, аталган элчинин кыргыз өлкөсүндөгү дипломатиялык миссиясы бүттү.
Сыдыков өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракеттенгени үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Израилдин ортосундагы кызматташтык келечекте динамикалуу өнүгөрүн, буга бардык тармактар боюнча мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.