Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын облусу боюнча жумушчу сапары башталды

Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын облусу боюнча жумушчу сапары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоо иштери, Нарын районундагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын жана Нарын шаарында салынып жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат. Муну менен катар Нарын шаарындагы ички жолдордун абалын жана курулуп жаткан социалдык объекттерди көрөт. Ошондой эле Соң-Көл жайлоосундагы малчылар менен жолугуп, алардын турмушунан кабар алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан