Каржы министрлиги 2016-2018-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрдү

Каржы министрлиги 14-августта Европа биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы билим берүү секторун колдоо" долбоорунун көмөгү менен "КРнын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук угууларга каржы министри Адылбек Касымалиев, министрдин орун басары Алмазбек Азимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана ведомстволордун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.  

Иш-чараны өткөрүүнүн башкы максаты мамлекеттик каржыларды башкаруу системин реформалоонун алкагында приоритеттүү багыттардын бири катары бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыздоо болуп саналат.

Коомдук угууларды өткөрүү жана сунушталган бюджеттин долбоорун чогуу-чаран талкуулоо бюджеттик процесске коомчулуктун катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берип, документтин сапатын жакшыртууга, бюджеттик каражаттарды оптималдаштырууга жана алардын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.    

Жыйындын жүрүшүндө «КРнын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жана айрым министрликтердин 2016-жылга бюджеттеринин долбоорлору тааныштырылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан