Кеңеш Мырзакматовдун соту 27-августка жылдырылды

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мырзакматовдун соту 27-августка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот отуруму 13-августта болмок, бирок айыпталуучу Кеңеш Мырзакматовдун ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылган. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде дарыланууда.

Айта кетсек, Кеңеш Мырзакматов 2012-2014-жылдар аралыгында “Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып берем” деп бир канча жарандан 13 миллион сомго жакын акча алган. Анын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандардын саны 19га жеткен. Мындан улам ал май айында камакка алынган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MIRAN
2015-08-15 12:04:59
Койгулачы айланайын эми угуп жатам.Мелисти иши кылып шайлоого катыштырбоо.
+4
kubat_1973
2015-08-15 13:16:12
Ушуну да саясатташтырбай Мелис Мырзакматовдун агасы дебей эле Кенеш Мырзакматов деп эле жазсанар туура болмок экен ар ким кылган кылмышы учун озу жооп бериш керек го анан тигинин агасы мунун иниси дебестен.
+2
Sake80
2015-08-15 13:42:25
Сураган акчасын бербей атса керекда.Сураганда эле 100000 300000доллар дейт экен соттор
+1
anjela500
2015-08-17 18:44:10
Сразу эле эмнеге ооруп кала беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан