Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын сентябрда боло турган отурумдарына карата даярдыкка байланышкан суроолор талкууланды.  

Президент Алмазбек Атамбаев жана ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа ЖККУнун ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелерди, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен уюмдун региондогу коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттешүүсүнүн ар кыл багыттарын да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан