Ош шаарынын экс-мэри
Мелис Мырзакматовдун "Ата Мекен" партиясынын парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесинен орун алуусу талкуу жаратууда. Эске салсак, учурда издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов Ош шаардык соту тарабынан сыртынан 7 жылга соттолгон.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев: "Ата Мекен" партиясы бүгүнкү күндө конструктивдүү оппозициялык партияга айланды. Буга Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун аталган партиянын тизмесинен орун алуусу да далил. Негизи эле Өмүрбек Текебаевдин "Ата Мекен" партиясынын тизмесине Мелис Мырзакматовду кошуусу - саясий кадам. Эң башкысы, аталган партияда азыр чырлар көп болгонуна карабай бул талаш-тартыш жараткан маселелердин баары митинг аркылуу көчөдө эмес, саясий маданияттуулуктун негизинде жыйындарда орун алышы керек",- дейт.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы бул боюнча комментарий берүүгө эртелик кыларын жана партиянын тизмеси комиссияга келип түшкөндөн кийин гана бир жактуу пикир айтыларын билдирди. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаровдун айтымында, соттолгон адам талапкер боло албайт. "Ал эми Мелис Мырзакматовдун иши боюнча соттун өкүмү күчүнө кире элек",- дейт ал.
Мырзакматов сыяктуу буга чейин соттолуп, эми депутаттыкка ат салышмакчы болгон талапкерлер парламенттик шайлоого аттанчу партиялардын тизмесине кошулган окуялар алдыда дагы чыгышы ыктымал.