Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май
райондук соту Ахматбек
Келдибековго Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин
токтотту. Буга кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүткөнү себеп болгон. Ал эми эртең Салык кызматынын жана Жогорку Кеңештин төрагасы болуп
тургандагы коррупциялык иштер
боюнча соттук териштирүүлөр уланат.
Айта
кетсек, А.Келдибеков "Мамлекеттик салык кызматынын
жана Мамлекеттик социалдык фондунун төрагасы болуп турганда мамлекетке зыян
алып келген" деп айыпталып, ага "коррупция" жана "кызмат абалынан
кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан
улам ал 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынып, былтыр август айында ден
соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.