Шайлоого катыша турган мамлекеттик органдардын жетекчилерине өз каалоосу менен кызматын бошотуу сунушталды

Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышууну каалаган мамлекеттик органдардын жетекчилерине ээлеген кызматын өз каалоосу менен бошотууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта өкмөт башчынын басма сөз катчысы билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, мындай чара Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү үчүн зарыл.

Ошондой эле премьер-министр Т.Сариев мындай жол менен үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана бул өз кезегинде шайлоонун ачык-айкын өткөрүлүшүнө шарт түзөт деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан