Август айына республикалык бюджеттин чыгымдары 7,4 миллиард сомго пландалган

2015-жылдын август айына республикалык бюджеттин жалпы чыгымдарынын каржылык планы 7 миллиард 417,8 миллион сом суммасында пландалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 17-августта билдирди.

Каржылык эмес активдер боюнча чыгымдар 1 миллиард 190,7 миллион сомду түзөт. Анын ичинде «имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 1 миллиард 145,3 миллион сом, ал эми «машиналар жана жабдуу» беренеси боюнча 45,4 миллион сом жумшоо пландалууда.

Каржылык активдер жана милдеттенмелер боюнча чыгымдар 689,1 миллион сомду түзөт, анын ичинде бюджеттик ссудаларды чыгарууга 30 миллион сом, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга 50 миллион сом, ички карызды тейлөөгө 389,6 миллион сом, тышкы карызды тейлөөгө 219,4 миллион сом жумшоо пландалууда. Ошондой эле операциялык чыгымдарга (мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу чыгымдарга) 5 миллиард 538 миллион сом жумшоо пландалууда. Алардын ичинен көбүрөөк чыгымдар 1 миллиард 400 миллион сом суммасындагы эмгек акыга жана 1 миллиард 400 миллион сом социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга сарпталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан