Орусия кыргыз өлкөсүнө арзан баада айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө керектүү жабдууларды берет. Бул тууралуу 17-августта орусиялык "Колакс" компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда билдиришти. Орусиядан эт, сүт жана
мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө керектүү жабдуулар алынмакчы.
"Жолугушууда кайра иштетүүчү тармакка бериле турган жеңилдетилген насыянын шарттары тууралуу пикир алышуу болду. Компания өкүлү Константин Змановский жабдуулар кыргыз өлкөсүнүн ишкерлери үчүн Орусиядагы баадан 10 пайызга арзандатылып берилет. Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев насыя кайра иштетүү тармагына бир жылга 12 пайыздык үстөгү менен берилерин айтты",- деп билдирет министрлик.