"Кыргыздар төө буурчак жеп көнгөн эмес, айрымдар бир жылда 1 килограмм да жебейт" дейт министр Айдаралиев

Кыргыз мамлекетинде буудай өстүрүү аянттары кыскарат. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин билдиришинче, кыргыз жеринде квиноа (киноа) өстүрүүнү жайылтуу керек. Министр алгач квиноаны 1-2 гектардан айдап, андан кандай тамак-аш жасаларын жарманкелерде, фестивалдарда көрсөтүп даамын таттырып, элди көндүрүү зарылдыгын айтат. 
"Болбосо дыйкандар дароо эле көп аянтка квиноа айдап тобокелчиликке барышпайт. Бизде 15 жылдан бери төө буурчак айдалып, жылына 60 миң тонна өндүрүлөт. Төө буурчактан көптөгөн тамактар жасалып, этти алмаштырат. Бирок кыргыздар аны жеп көнгөн эмес, айрымдар бир жылда 1 килограмм да төө буурчак жебейт. Андыктан квиноанын да баалуу экенин эл түшүнүшү зарыл. Анын 1 килограммы 20-30 евро турса, дыйкандар аны өстүрүүнү бат эле өздөштүрүп алышат. ЕАЭБге кирүү менен азыркы күндө айыл чарбасы өткөөл мезгилде турат, квиноа экономикалык жактан пайдалуу болсо, аны элге үйрөтүп жайылтуу кажет”,- дейт министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан