Быйыл 1-октябрдан тарта бардык мектеп окуучулары окшош кийинүүгө милдеттүү

Мектеп окуучулары быйыл 30-сентябрга чейин мектепке өзү каалаган формасын кийүүгө укуктуу, 1-октябрдан тарта бардык окуучулар бирдей формага өтүүгө тийиш. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын билдиришинче, мектеп жетекчилиги 10-сентябрга чейин ата-энелердин катышуусунда жыйналыш өткөрүп, кандай форма (фасону, түсү) ылайыктуу экенин тандап алышы керек. "Кочкул кызыл пиджак менен форма стандартка ылайыктуу, бирок аны мектептин камкордук кеңеши жактыргандан кийин гана сатып алуу керек",- деп билдирет министр. 
Сариева ата-энелердин форма тандап алуусуна атайын 1 ай убакыт берилгенин белгиледи. "Министрликте атайын жумушчу топ түзүлүп, жер-жерлерге жөнөө алдында турушат. Мектеп формасын жайылтуу иши ишенимдүү жана планга ылайыктуу жүрөт. Эгер форманы жаңылоо боюнча кошумча сунуштар түшсө, министрлик тийиштүү стандартка өзгөртүү киргизет",- деди Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан