Бүгүн, 18-августта экономика министри Олег Панкратов кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттери алынгандан кийинки абал боюнча өкмөт башчы Темир Сариевге маалымат берди. Жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы абалга даттануулардын болуп жатканы айтылды. Андан кийин Олег Панкратов баштаган Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү чек ара өткөрмө пункттарынын абалы менен таанышуу үчүн жөнөп кетишти.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек ара аймагы ачылгандан кийин түзүлгөн кырдаал менен таанышып, жаралган көйгөйлөрдү тезинен чечүү боюнча иш жүргүзүлөрүн өкмөттөн кабарлашты.