Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 7 айында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү (атайын каражаттарды кошпогондо) 59 миллиард 164 миллион сомду же пландын 108 пайызын түздү. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 1 миллиард 283,2 миллион сомго көп. Түшкөн ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыз кылынган түшүүлөр ээлейт:
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан – 33,3 пайыз;
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан – 30,3 пайыз;
Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер – 7,2 пайыз;
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн каражаттар – 2,9 пайыз.
2015-жылдын январь-февраль аралыгында республикалык бюджетке келип түшкөн кирешелер (атайын каражаттарды кошпогондо) 54 миллиард 337,6 миллион сомду түздү. 2014-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда кирешелердин көрсөткүчтөрү акчалай туюнтканда 3 миллиард 456,3 миллион сомго көбөйдү.
Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 37 миллиард 650 миллион сомду түздү же пландын аткарылышы 38 миллиард 251,9 миллион сом суммасындагы пландын 98,4 пайызын түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин көрсөткүчтөрү акчалай туюнтканда 2 миллиард 504,8 миллион сомго көбөйдү.
Мамлекеттик бажы кызматы боюнча түшүү 19 миллиард 719,8 миллион сомду түздү же пландын аткарылышы 95,1 пайызды түздү.
Мамлекеттик салык кызматы боюнча түшүү 17 миллиард 930,5 миллион сомду түздү же план 102,4 пайызга аткарылды.
Республикалык бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 19 миллиард 797,4 миллион сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык эмес кирешелер 132,4 пайызга көбөйдү, бул дагы бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын түшүүлөрүнүн өскөндүгү менен байланыштуу.
Салыктык эмес түшүүлөрдүн түзүмүндө көбүрөөк көлөмдү 5 миллиард 494,3 миллион сомду түзгөн бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары ээлейт. 5 миллиард 85 миллион сом суммасындагы план 108 пайызга аткарылды.
Мурда берилген ссудалар жана насыялар (пайыздарын эсепке алуу менен) боюнча пландалган 1 миллиард 759,9 миллион сомдун ордуна 1 миллиард 733 миллион сом (пландын 98,5 пайызы) ишканалар жана уюмдар тарабынан кайтарылды.
Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча кирешелер 4 миллиард 244,7 миллион сомду түздү.