Министр Эльвира Сариева кызматынан кетерин билдирди

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева кызматынан кетет. Бул тууралуу 18-августта мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, министр Сариева өкмөт башчы Темир Сариевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышууну каалаган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматтан кетүүсүн талап кылган сунушун колдойт. 
"Министр Жогорку Кеңешке талапкер катары БШКга каттоого алынгандан кийин кызматтан кетет",- деп айтылат маалыматта. 
Айта кетсек, Эльвира Сариева Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары КСДПдан сунушталууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан