7 айда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 61,1 миллиард сомго аткарылды

2015-жылдын 7 айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эске алганда) 61 миллиард 126,9 миллион сом суммасында аткарылды. Көрсөткүч пландын 86 пайызын түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы 18-августта билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 53 миллиард 752,1 миллион сомду түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда жалпы чыгымдар 7 миллиард 374,8 миллион сомго же 13,7 пайызга көбөйгөн.

Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2015-жылдын январь-июлунда республикалык бюджеттен 43 миллиард 73,5 миллион сом бөлүнгөн же пландын 93,1 пайызы каржыланган. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда каржылоо 7,1 пайызга же 2 миллиард 866,1 миллион сомго көбөйгөн.   

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголбогон беренелери 2015-жылдын 7 айында 5 миллиард 793,1 миллион сомго каржыланган же бул сумма пландын 78,9 пайызын түзөт. 2014-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 1 миллиард 784,8 миллион сомго же 44,5 пайызга көбөйдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан