Абдырахман Маматалиев Өзбекстандын элчисин кабыл алып, чек ара боюнча сүйлөшүү жүрдү

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 18-августта Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Комил Рашидов менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштерин жандантуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Тараптар чек араны аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишине байланыштуу пикир алышты. 
Маматалиев аталган комиссиянын кезектеги жыйынын Бишкекте жакында өткөрүү зарылдыгын жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү керектигин белгилегенин өкмөттөн билдиришти. Эки өлкөнүн президенттери кол койгон мурдагы келишимдердин алкагында мамлекеттик чек ара боюнча келишимдин долбоорун иштеп чыгууну тездетүү зарылдыгы да айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан