Орусиянын президенти Владимир Путин батискаф (суу тереңдигин изилдөөчү аппарат) менен Кара деңиздин түбүнө түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, деңиздин түбүндө В.Путин болжол менен 9-10-кылымдарда чөгүп кеткен кемени көрүп, бул тарыхты изилдөөгө маанилүү ачылыш экенин баса белгиледи. Мындан тышкары президент Орусиялык географиялык коомду 170 жылдыгы менен куттуктады. Журналисттерге берген маегинде Путин "деңиздин түбүнө түшүү - биздин тарыхый тамырларыбыз жана дүйнө менен мамилебиз канчалык терең экенин аныктоого дагы бир себеп" деген оюн айтты.